Меню

Карышкыр жана жети улак

Кыргызча жомоктор | Просмотров: 0


Аудиоcун угуу https://kyrgyz-audio.com/wp-content/uploads/2018/02/Karyshkar-jana-7-ulak.mp3 Жомоктун тексти сүрөттөрү менен

Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен. Эчки токойго тамак издеп көп кетчү экен, улактарына минтип айтчу экен:

«Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт». Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт: Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет.

Карышкыр мунун бардыгын угуп алып, эчки токойго кеткенде, акырын эчкинин үйүнө барып, ырдай баштайт:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла! Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей улактар жооп беришти: «Биз сени угуп жатабыз, бирок сен энебиз эмессин! Биздин энебиздин үнү башкача. Кет, карышкыр, кет!»

Эчки кайтып келип, эшикти кагып ырдайт:
Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!
Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Кичинекей балдар дароо эшикти ачып, энесин коё беришет. Алар энесине карышкыр кантип келип кеткенин айтып беришти. Ал аларды тамактантып, кайрадан токойго кетет. Кетип жатып дагы эскертет, эшикти эч кимге ачпагыла деп.

Эчки кетери менен, карышкыр үйгө чуркап барып, тыкылдатып, ичке үн менен ырдады:

Кичинекей улактарым, балдарым!
Ачкыла эшикти, ачкыла!Апаңар келди,
Сүт алып келди.

Улактар карышкырдын үнүн бул жолу тааныбай калышты, эшикти ачышты. Карышкыр үйгө кирип, балдарды бат эле сугунуп алды. Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.

Эчки үйгө келсе, эшик ачык, ал эми үйдүн ичи бош. Мешке барса, бир улагы чыгат экен. Ал энесине болгон окуяны айтып берет, эчки аябай ыйлап, мындай деди:

Оо менин балдарым, кичинекей улактарым! Эшикти эмнеге ачтыңар, Ач карышкырга жем болдуңар?

Муну уккан карышкыр эчкиге:

— Сен эмне деп жатасың! Мен сенин балдарыңды жеген жокмун!

Эчки болсо карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп жиберет, карышкырдын тарсайган курсагы жарылып кетет. Кичинекей улактар баары жерден секирип, энесине чуркашат.

Алар кайрадан бактылуу болуп жашап калышат экен.

Ушул жомок боюнча тест тапшырсаңыз болот

1. Канча улак аман калды?

 Үч  Бир  Эки

Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.

2. Аман калган улак кайда жашынып калды?

 Столдын астына  Мешке  Терезеге

Бир гана улак аман калды — ал мешке жашынып калды.

3. Эчки улактарына эмнени ачпагыла деп кетет экен?

 Терезени  Эшикти  Мештин оозун

«Эч кимге эшикти ачпагыла, токойдо ач карышкыр аралап жүрөт».

4. Эчкинин улактарын жегени кайсы жаныбар келет экен?

 Карышкыр  Аую  Түлкү  Арстан

Карышкыр мунун бардыгын угуп алып, эчки токойго кеткенде, акырын эчкинин үйүнө барып, ырдай баштайт

5. Эчки улактарын кантип куткарып алды?

 Аңчылар жардам берди  Улактар өздөрү чыгышты  карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп

Эчки болсо карышкырды мүйүздөрү менен сүзүп жиберет, карышкырдын тарсайган курсагы жарылып кетет

6. Эчки улактары менен кайда жашашкан эле?

 Токойдо  Тоодо  Талаада  Чөлдө

Илгери илгери токойлордун биринде, кичинекей жыгач үйдө бир эчки улактары менен жашаган экен.


 Loading …

var exam_id=0; var question_ids=''; var watuURL=''; jQuery(function($){ question_ids = "19,20,17,18,21,16"; exam_id = 4; Watu.exam_id = exam_id; Watu.qArr = question_ids.split(','); Watu.post_id = 125; Watu.singlePage = '0'; Watu.hAppID = "0.74736700 1771445466"; watuURL = "https://kyrgyz-audio.com/wp-admin/admin-ajax.php"; Watu.noAlertUnanswered = 0; });

Оценить публикацию

Комментарии

Прокомментировать
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив